Сатып алуу-сатуу айкын келишими
Сатып алуу-сатуу айкын келишими (Айкын оферта)
“Роял Спорт” ЖЧКнын ТОВАРЛАРЫН САТУУ ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ
1. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР
Акцепт — Сатып алуучунун ушул Макулдашуунун шарттарын толук жана шартсыз кабыл алуусу.
Аралыктан товарларды чекене сатып алуу-сатуу келишими (мындан ары – “Келишим”) – Сатып алуучунун мындай Товар менен түздөн-түз тааныуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, Интернет аркылуу Сатып алуучунун Сатуучу тарабынан сунушталган Товардын сүрөттөмөсү менен таанышуусунун негизинде түзүлгөн чекене сатып алуу-сатуу келишими.
Буйрутма – Сатып алуучу тандаган товар, анын наркы, жеткирип берүү дареги, Сатып алуучунун Ф.А.А., Сатып алуучунун байланыш маалыматтары жөнүндө маалыматты жана ушул электрондук документтин формасында каралган башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.
Оферта — Сатуучунун адамдардын аныкталбаган тобуна ушул Макулдашууда жана төмөндө көрсөтүлгөн Сатуучунун сайтында белгиленген шарттарда аралыктан товарларды чекене сатып алуу-сатуу келишимин (мындан ары – “Келишим”) түзүүгө даректелген айкын сунушу.
Сатып алуучу – ишкердик ишти жүргүзүүгө байланышы жок, жеке, үй-бүлөлүк же үйдө пайдалануу үчүн Товарды сатып алуу ниети бар же сатып алган, аракетке жөндөмдүү жеке адам.
Сатуучу –“Роял Спорт” ЖЧК (юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Федоров көч., 13; иш жүзүндөгү дареги: Бишкек ш., Игембердиев көч., 1а/8, 208-кеңсе, ИСН 01806202110188, күбөлүктүн каттоо номери 198254-3301-ЖЧК, колл-борбордун телефон номери +996 778 988 988, МСКБ коду: 003 Свердлов району Банк “Кыргыз инвестициялык-кредит банкы” ЖАК, эсеп 1280176057127792, БИК: 128017), Сайтта өз аты менен аралыктан Товарларды сатууну ишке ашыруучу.
Сайт – Сатуучунун интернет-дүкөнүнүн сайты - www.adidas.kg
Макулдашуу – Сатуучунун товарларды сатуу шарттары жөнүндө ушул Макулдашуу.
Товар (товарлар) – Сатуучу тарабынан Сайтта сатууга сунушталган жана Сатып алуучу сатып алууну ниеттенген жана/же сатып алган товарлар.
2. ЖАЛПЫ ШАРТТАР
2.1. Ушул Макулдашуу, ошондой эле Товардын анын сүрөттөмөсүндөгү сунушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айкын оферта болуп саналат (КР Жарандык кодексинин 386-беренесинин 1-пункту, 298-беренесинин 2-пункту).
2.2. Сайттагы Товарларды буйрутма кылуу жана сатып алуу менен, Сатып алуучу ушул Макулдашууда белгиленген бардык шарттарга макул болот жана кабыл алат, ошондой эле буйрутма кылынган Товарды сатып алуу ниетин билдирет. Сатып алуучунун Буйрутманы тариздөө жана/же Сатып алуучунун сайтта катталуу фактысы Сатып алуучунун ушул Макулдашуунун шарттарына толук жана шартсыз макулдугун жана кабыл алуусун билдирет. Муну менен Сатып алуучу сатып алууларды жүргүзүүгө, буйрутмаларды тариздөөгө жана ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Сайттагы бардык башка аракеттерди жасоого жетиштүү аракетке жөндөмдүүлүккө ээ экендигин (жана/же өзүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн – ата-энесинин, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн бардык керектүү макулдуктарын алган жана Сатуучу каалаган убакта мындай макулдукту ырастоону талап кылууга укуктуу) кепилдейт (КР Жарандык кодексинин 387-беренеси, 395-беренесинин 2-3-пункту, 399-беренесинин 3-пункту).
2.3. Товарларды сатуу орду болуп Кыргыз Республикасынын аймагы саналат.
2.4. Сатуучу Сатып алуучу менен кошумча макулдашуусуз сатуу/кызмат көрсөтүү процессине каалаган үчүнчү тараптарды тартууга укуктуу.
2.5. Сатуучу Сатып алуучуга ушул Макулдашууга ылайык милдеттенмелерди аткаруу максатында, анын ичинде, бирок чектелбестен, Сатып алуучуга Товарларды жеткирүүнү уюштуруу (чабарман кызматтары), мындай Товарлар үчүн төлөөгө акча каражаттарын кабыл алуу үчүн сатуучу үчүнчү жактарды тарта турганын маалымдайт.
Үчүнчү жактар (чабарман кызматтары) дагы тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн башка үчүнчү жактарды тартууга укуктуу.
2.6. Сайтта берилген бардык маалыматтык материалдар маалымдама мүнөзгө ээ. Сатып алуучуда буйрутма кылынган Товардын касиеттери жана мүнөздөмөлөрү боюнча суроолор пайда болгон учурда, Сатып алуучу кошумча маалымат алуу үчүн Сатуучуга кайрылууга укуктуу.
2.7. Сатып алуучу Сайттан сатылып алынган Товарды ишкердик максаттарда колдонбоого милдеттенет.
2.8. Сатуучу Сатып алуучуга Товарды жеткирип берүү үчүн үчүнчү жактардын кызматтарын пайдалана турганын эске алганда, Буйрутманы тариздөө жана ага төлөө үчүн милдеттүү шарт болуп Буйрутманы тариздөөдө билдирилген өлчөмдө Товарды жеткирип берүү наркын Сатуучуга кайтарып берүүгө каршылыктын жоктугу саналат.
2.9. Товарларды аралыктан сатуу боюнча сунуш Сатуучунун кампасында Товар түгөнгөнгө чейин күчүндө болот.
2.10. Сатуучу Сайтта Товарлардын айрым түрлөрүн сатуунун атайын шарттарын белгилөөгө укуктуу, аларды буйрутма кылуу жана сатып алуу менен Сатып алуучу Сайтта жайгаштырылган мындай сатуу шарттарын шартсыз кабыл алат жана макул болот.
2.11. Сайтта Товарларды буйрутма кылуу жана сатып алуу менен Сатып алуучу Сатуучунун сайтында жайгаштырылган Лоялдуулук программаларынын шарттарына макул болот жана кабыл алат.
3. ТОВАРДЫ БУЙРУТМА КЫЛУУНУ ТАРИЗДӨӨ ТАРТИБИ
3.1. Товар сатып алууга ниеттенген Сатып алуучу Сайтта Буйрутманын формасын толтурат. Сайтта Буйрутманын формасын толтуруу эки жол менен ишке ашырылышы мүмкүн: Сайтта катталуу менен жана Сайтта катталуусуз.
3.1.1. Сайтта катталуу үчүн Кардардын каттоо картасынын формасын толтуруу зарыл. Кардардын каттоо картасынын формасында көрсөтүүгө милдеттүү болгон маалыматтар камтылган, алар көрсөтүлбөсө, Сайтта каттоо мүмкүн эмес. Сайтта катталуу жана андан кийин Жеке кабинетке кирүү максатында Сатып алуучу колдонуучунун атын (логин) жана паролду киргизет. Сатып алуучу мындай колдонуучунун атын жана паролду жашыруун сактоого милдеттенет. Сатып алуучу Кардардын каттоо картасында камтылган маалыматка бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Кардардын каттоо картасында камтылган Сатып алуучу жөнүндө маалымат өзгөргөн учурда, Сатып алуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү Каттоо картасына өз алдынча киргизүүгө же Сатуучуга аларды өзгөртүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө милдеттенет.
3.1.2. Сайтта катталгандан кийин, ошондой эле Сайтта катталбастан, Буйрутма берилген учурда, Сайтта Буйрутманын формасын толтуруу зарыл. Буйрутманын формасында көрсөтүүгө милдеттүү болгон маалыматтар камтылган. Мындай маалыматтарды көрсөтүлбөсө, Буйрутманы тариздөө мүмкүн эмес.
3.2. Буйрутманы тариздөө “Буйрутманы тариздөө” баскычын (мындан ары – “Буйрутманы тариздөө”) басуу аркылуу аяктайт. Буйрутманы тариздөө менен, Сатып алуучу Товарды жеткирип берүүнүн көрсөтүлгөн наркын төлөөгө макулдугун ырастайт.
Сатып алуучу Сайтта Буйрутманы тариздегенден кийин жеткирип берүүнүн иш жүзүндөгү дареги толук жана туура көрсөтүлгөн учурда, Сатуучу Сатып алуучу тарабынан кошумча тастыктоосуз автоматтык түрдө Буйрутманы түзөт.
Жеткирип берүү дареги туура эмес көрсөтүлгөн, чабарман аркылуу жеткирип берүү аркылуу Буйрутмаларды ырастоо үчүн Сатуучу Сайтта көрсөтүлгөн байланыштар аркылуу Сатып алуучу менен байланышат. Эгерде Сатуучу Сатуучудан көз каранды болбогон ар кандай себептерден улам телефон аркылуу Сатып алуучу менен байланыша албаса, Сатуучу төмөнкү ыкмалардын бири менен: ушул Макулдашууда же Сайтта көрсөтүлгөн электрондук почта же телефон аркылуу буйрутманы тастыктоо үчүн Сатуучу менен байланышуу өтүнүчү менен электрондук почта аркылуу Сатып алуучуга суроо-талап жөнөтөт.
Эгерде Сатып алуучу Сатуучудан көз каранды болбогон себептерден улам Буйрутма таризделген учурдан тартып 24 (жыйырма төрт) саат ичинде Буйрутманы ырастоо үчүн Сатуучу менен байланышпаса, Сатып алуучу тариздеген Буйрутма жокко чыгарылды деп эсептелет.
3.3. Сатып алуучу Буйрутманы тариздөөдө (Сайттагы Буйрутманын формасын толтурууда) берилген маалыматтын мазмуну жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Сатуучу Сатып алуучунун катталууда көрсөткөн маалыматынын тактыгы жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
3.4. Буйрутманы комплекттөө Сатуучу аны текшергенден жана тастыктагандан кийин башталат. Буйрутманы комплекттөө үчүн максималдуу мөөнөт 30 (отуз) календардык күндү түзөт. Бардык учурда Сатуучу ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн себептерге карабастан, буйрутманы комплекттөө үчүн белгиленген максималдуу мөөнөттө комплекттөөгө аракет кылат.
3.5. Сайтта Товардын бар экендиги жөнүндө көрсөтүлгөн маалымат болжолдуу болуп саналат жана Буйрутманы тариздөө, ырастоо, ошондой эле комплекттөөнү баштоо учурунда Сатуучунун кампасында Товардын болушу мүмкүн экенин гана чагылдырат, ушуга байланыштуу Тараптардын бири үчүн да эч кандай юридикалык кесепеттерди жаратпайт.
3.6. Сатып алуучу муну менен Сатуучу тарабынан Буйрутманы түзүү учурунда Сатып алуучунун толук Буйрутмасын ушул Макулдашуунун 3.4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө комплекттөө мүмкүн эместиги аныкталса, анда Сатуучу Сатып алуучу тарабынан кошумча тастыктоосуз, Буйрутманы Сатуучуда ошол Буйрутманы түзүү учурунда болгон бөлүгүндө комплекттеп жана Сатып алуучуга жеткире турганына макул болот.
4. БУЙРУТМАГА (ТОВАРГА) ТӨЛӨӨ
4.1. Сайтта Товардын баасы сом (KGS) менен көрсөтүлөт. Товардын баасы жеткирип берүү наркын камтыбайт. Сайтта көрсөтүлгөн Товардын баасы каалаган убакта бир тараптуу тартипте Сатуучу тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында Сатып алуучу буйрутма кылган Товардын баасы өзгөртүлбөйт.
4.2. Жеткирип берүү наркы өзүнчө сапта көрсөтүлөт жана жеткирип берүү аймагынан жана башка факторлордон көз каранды болот.
4.3. Сатып алуучунун Товарга төлөөсү жана бардык эсептешүүлөр сом (KGS) менен жүргүзүлөт.
4.4. Сайтта сатып алган Товарга жана жеткирип берүүгө төлөөнүн төмөнкүдөй ыкмалары бар жана тандаган төлөө шарттарынан, жеткирип берүү шарттарынан жана аймагынан, тандаган чабарман кызматынан, жеткирип берүү аймагынан (калктуу конуш) жана башка шарттардан көз каранды болушу мүмкүн:
4.4.1. Буйрутманы тариздөөдө Сайтта онлайн-төлөө:
Буйрутманы тариздөөдө банктык картанын жардамында Буйрутмага төлөөдө Сатып алуучу милдеттүү түрдө толтурулуучу тилкелерди (анын ичинде байланыш маалыматын) толтурушу керек. Андан ары Сатып алуучу банктык карта менен төлөө ыкмасын тандайт. Бул төлөө ыкмасын тандоодо Сатып алуучу транзакцияны ырастоо жана жүргүзүү үчүн анын банкы жана төлөм системасы тарабынан белгиленген жол-жобону аткарууга милдеттенет.
4.4.2. Буйрутмага сайтта QR аркылуу төлөө:
Буйрутмага төлөө Сатып алуучу тарабынан Сатуучунун сайтында QR-код боюнча төлөө сервисин пайдалануу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Бул төлөө ыкмасын тандоодо Сатып алуучу транзакцияны ырастоо жана жүргүзүү үчүн анын банкы жана төлөм системасы тарабынан белгиленген жол-жобону аткарууга милдеттенет.
4.4.3. Буйрутмага алган учурда QR аркылуу төлөө:
Буйрутмага төлөө Сатып алуучу тарабынан Товарды алууда QR-код боюнча төлөө сервисин пайдалануу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Бул төлөө ыкмасын тандоодо Сатып алуучу транзакцияны ырастоо жана жүргүзүү үчүн анын банкы жана төлөм системасы тарабынан белгиленген жол-жобону аткарууга милдеттенет.
Төлөө ыкмалары жана тартиби, каражаттарды кайтаруу жол-жобосу жөнүндө кошумча маалымат, ошондой эле башка маалыматтар Сатуучунун Сайтындагы FAQ (Көп берилүүчү суроолор) бөлүмүндө жайгаштырылган. Кошумча маалымат алуу зарыл болгондо, Сатып алуучу +996 778 988 988 телефону аркылуу колдоо кызматына кайрылууга укуктуу.
5. ТОВАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ. МЕНЧИК УКУГУНУН ӨТҮШҮ
5.1. Товарды Сатып алуучуга чабарман аркылуу жеткирүү менен жеткирип берүү Сатып алуучу Буйрутманы тариздегенде көрсөткөн жеткирип берүү дареги боюнча, Сатуучунун сайтындагы “Жеткирип берүү” бөлүмүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө ишке ашырылат. Жогоруда көрсөтүлгөн жеткирип берүү мөөнөттөрү Сатуучу тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн, мында жеткирип берүү мөөнөттөрү өзгөртүлгөнгө чейин Сатуучу тарабынан кабыл алынган Буйрутмалар мурда тастыкталган мөөнөттөрдө жеткирилиши керек.
5.2. Сатып алуучу көрсөткөн жерге Товарларды жеткирип берүү, ошондой эле Сатып алуучудан Товарлар үчүн төлөмдү алуу үчүн, Сатуучу Макулдашуунун 2.5-пунктуна ылайык, үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн колдонот. Сатуучу Сатып алуучуга алдын ала билдирбестен, ушул Макулдашуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн тартылган үчүнчү жакты каалаган убакта өзгөртүүгө укуктуу.
5.3 Эгерде Сатуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө чабармандык жеткирүү аркылуу буйрутма жеткирилген учурда, Товар Сатып алуучунун күнөөсү боюнча ага берилбесе/берилиши мүмкүн болбосо, Сатып алуучу Товарды андан ары жеткирип берүү үчүн жоопкерчиликтүү бойдон калуу менен, кайрадан жеткирүүнүн мөөнөтүн Чабарман компания менен өз алдынча макулдашат. Мында Товарды сактоо мөөнөтү 3 календардык күндөн ашпоого тийиш. Эгерде буйрутма Сатып алуучуга анын күнөөсү боюнча эки жолу жеткирип берүү аракетинен кийин берилбесе (жогоруда айтылгандарды кошо алганда), эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, Сатуучу Буйрутманы жокко чыгарууга укуктуу.
5.4. Товардын менчик укугу, Товардын кокустуктан кыйроо же кокустуктан бузулуу тобокелдиги Товарды Сатып алуучу алган учурдан тартып Сатып алуучуга өтөт.
5.5. Чабарман компания жеткирген учурда Сатып алуучу Товарды алган учурда анын бүтүндүгүн жана комплекттүүлүгүн, анын ичинде таңгагын текшерүү аркылуу Товарды саны, аталышы жана сапаты (ачык кемчиликтери) боюнча кабыл алууга милдеттүү. Чабарман жеткирип бергенде Сатып алуучунун Буйрутманы алгандыгынын жана Сатып алуучунун саны, аталышы жана сапаты (ачык кемчиликтери) боюнча дооматтарынын жоктугунун тастыктоосу болуп Буйрутманы алуу саналат.
5.6. Буйрутманы анын атына Буйрутма таризделген адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү гана алууга укуктуу. Буйрутманы кабыл алган учурда Сатып алуучу чабарманга өздүк күбөлүгүн/паспортун же өздүгүн күбөлөндүрүүчү башка документти берүү аркылуу өзүнүн инсандыгын тастыктоого милдеттүү.
5.7. Чабармандын төмөнкү учурларда Буйрутманы Сатып алуучуга берүүгө укугу жок:
- Буйрутманы алган адам өздүгүн тастыктоочу документти жана/же буйрутманы алууга ишеним катты бербесе;
- Сатып алуучу Буйрутмага төлөөдөн, анын ичинде жеткирип берүү наркын төлөөдөн баш тартса;
- Буйрутманы Буйрутмада көрсөтүлгөндөн башка адам кабыл алса;
- Буйрутманы кабыл алган адам Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык зарыл болгон көлөмдөгү аракетке жөндөмдүүлүк курагына чыга элек болсо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Макулдашууда же башка документтерде, анын ичинде Сатуучу жана/же жеткирип берүү жана жеткирилген Буйрутма үчүн төлөмдү кабыл алуу үчүн тартылган үчүнчү жак жетекчиликке алган документтерде каралган башка учурларда.
Эгерде Чабарман жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча Товарды Сатып алуучуга бербесе, Буйрутма Сатуучуга кайтарылат жана жокко чыгарылат.
5.8. Товарды жеткирип берүү менен сатып алуу Сатып алуучуга кепилденген тейлөө зарылчылыгы келип чыккан учурда Товарды жеткирип берүү кызматын көрсөтүүнү талап кылуу укугун бербейт.
6. ЧАКТАП КӨРҮҮ. БУЙРУТМАНЫ ЖОККО ЧЫГАРУУ. БУЙРУТМАНЫ КАЙТАРЫП БЕРҮҮ ЖАНА АЛМАШУУ
6.1. Сатып алуучу Буйрутма Сатып алуучуга берилгенге чейин каалаган убакта Сатуучуга ушул Макулдашуунун 10.1-пунктунда көрсөтүлгөн байланыш каражаттары аркылуу аралыктан сатып алуу-сатуу келишимин бузуу ниети жөнүндө маалымдоо аркылуу толугу менен Буйрутмадан баш тартууга (сайтта таризделген Буйрутманы жокко чыгарууга) укуктуу.
6.1.1. Чабарман компания тарабынан жеткирип берилген учурда буйрутма кылынган товарды чактап көрүү мүмкүнчүлүгү чабарман кызматынан көз каранды болот. Бардык учурда Сатып алуучу буйрутманы тариздөөдө өлчөмдүн жана моделдин туура тандалганына ынануусу керек. Кеңири маалымат Сатуучунун сайтындагы FAQ (Көп берилүүчү суроолор) бөлүмүндө жайгаштырылган.
6.1.2. Сатып алуучу чабарман кызматына жараша буйрутманы алган учурда толук же жарым-жартылай буйрутмадан баш тартууга укуктуу. Эгерде тандалган чабарман кызматы тарабынан каралса, Буйрутмадан толук же жарым-жартылай баш тарткан учурда, Сатып алуучу товардан баш тартуу себептерин, Сатып алуучунун банктык эсебин көрсөтүү менен кайтарып берүү арызына кол коюуга жана аны чабарманга берүүгө милдеттенет. Сатып алуучу Буйрутмадан толук же жарым-жартылай баш тарткан учурда, Сатып алуучу Сатуучуга Товарды жеткирип берүүгө кеткен чыгымдардын наркын компенсациялоого милдеттенет. Кеңири маалымат Сатуучунун сайтындагы FAQ (Көп берилүүчү суроолор) бөлүмүндө жайгаштырылган.
6.2. Сатып алуучу Буйрутманы алгандан кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде сапаты жакшы Товарды Сатуучуга кайтарып берүүгө укуктуу. Мында анын товардык көрүнүшү, керектөө касиеттери, пломбалары, фабрикалык ярлыктары сакталган, ошондой эле Товарды сатып алуу фактысын тастыктаган документ болгон учурда гана сапаты жакшы Товарды кайтарууга мүмкүн болот.
6.3. Сатуучунун сайтындагы “Кайтаруу” бөлүмүндө Сатуучу тарабынан түз көрсөтүлгөн чабарман кызматтары аркылуу, Сатуучунун сайтынын “Кайтаруу” бөлүмүндө көрсөтүлгөн тартипте жана шарттарда Товарды жөнөтүү аркылуу Товарды кайтарууга мүмкүн.
6.4. Товарды кайтарууда жөнөтмөгө өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн, буйрутма жеткирип берилген учурда берилген же Сайтта жайгаштырылган форма боюнча товарды кайтарууга толтурулган арызды (буйрутманын номерин, сатып алуучу жөнүндө толук маалыматты, анын ичинде өздүгүн тастыктаган документтин маалыматтарын, товардын кайтарылган наркын которуу үчүн банктык реквизиттерди, анын кол тамгасынын чечмеленишин көрсөтүү менен) салуу зарыл. Товар кайтарылган учурда Товарды Сатып алуучуга кайра жөнөтүүнүн наркы кайтарылбайт.
6.5. Эгерде Сатуучунун сайтындагы “Кайтаруу” бөлүмүндө башкача каралбаса, товарды кайтаруу ушул Макулдашуунун 6.4-пунктунун талаптары сакталган шартта, төмөнкү дарек боюнча: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Матросов көчөсү, 1/2, №11 кампа, кадимки жөнөкөй жөнөтүү аркылуу товарды жөнөтүү менен ишке ашырылышы керек. Төлөм салуу менен жөнөтүлгөн жөнөтмөлөр каралбайт.
6.6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 313 токтомунун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн тизмедеги сапаты жакшы товарлар окшош товарга алмаштырылбайт.
6.7. Сатып алуучунун кайтарылган Товар үчүн төлөгөн акча суммасы Буйрутмага төлөнгөн Сатып алуучунун банктык эсебине же Сатып алуучунун кайтарууга арызында көрсөтүлгөн банктык эсебине, Сатуучу товарды Макулдашуунун 6.5-пунктунда көрсөтүлгөн дарек боюнча алгандан кийин 14 (он төрт) күндүн ичинде кайтарылат. Сатуучу өзүнүн күнөөсү жок болгон акча каражаттарын кайтаруунун кечиктирилиши үчүн жоопкерчилик тартпайт. Акча суммасын кайтаруу тийиштүү сапаттагы Товарды жеткирүүгө кеткен чыгымдарды кармап калуу менен ишке ашырылат.
6.8. Сатып алуучунун эгерде көрсөтүлгөн Товарды аны сатып алган Сатып алуучу гана колдоно алса, жекече аныкталган касиетке ээ болгон, тийиштүү сапаттагы Товардан баш тартууга укугу жок.
6.9. Товарларды аралыктан сатуунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, Сатып алуучунун сапаты жакшы Товарды башка түстөгү, фасондогу жана ж.б. Товарларга алмаштыруу укугу, мындай Товарды кайтарып берүү жана ушул Макулдашууда белгиленген тартипте окшош Товарга жаңы Буйрутманы тариздөө аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
6.10. Сапаты жакшы Товарды кайтаруу ушул Макулдашуунун “Дооматтарды коюу” 7-бөлүмүндө Сатуучу тарабынан белгиленген кепилдик мөөнөттөрүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө, сапаты жакшы товарды кайтаруу үчүн ушул Макулдашууда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
7. ДООМАТТАРДЫ КОЮУ
7.1. Эгерде Товар Сатып алуучуга саны, түрү, сапаты, комплекттүүлүгү, идиши жана (же) таңгагы жөнүндө келишимдин шарттарын бузуу менен берилсе, Сатып алуучу Товарды кабыл албоого укуктуу. Товардын кемчиликтерине байланыштуу дооматтардан тышкары, Товарды кабыл алгандан жана Товарга төлөгөндөн кийин Сатуучу тарабынан дооматтар кабыл алынбайт.
7.2. Сатып алуучу эгерде алар кепилдик мөөнөтүнүн ичинде (30 календардык күн) аныкталса, Товардын кемчиликтерине карата Сатуучуга талаптарды коюуга укуктуу.
7.3. Кепилдик мөөнөтүнүн ичинде кемчиликтердин келип чыгуу себептери жөнүндө талаш-тартыш жаралган учурда, Тараптар Товардын экспертизасын жүргүзүүгө укуктуу. Эгерде Сатуучунун эсебинен жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында кемчиликтер Сатуучу (даярдоочу) жооп бербеген жагдайлардан улам келип чыккандыгы аныкталса, Сатып алуучу мындай экспертизанын наркын Сатуучуга төлөп берүүгө милдеттүү.
8. БАШКА ШАРТТАР
8.1. Ушул Макулдашуунун айрым жоболору учурдагы мыйзамдардын ченемдерине карама-каршы келген учурда, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдери колдонулат. Айрым жоболордун жараксыздыгы жалпысынан Макулдашуунун жараксыздыгына алып келбейт.
8.2. Сатып алуучу Сатуучуга, ошондой эле бөлүп төлөө таризделгенде өнөктөшкө Сатып алуучу жөнүндө, анын почта дареги, Сатып алуучунун банктык эсебинин (банктык картасынын) маалыматтары жана Тараптардын Товарды сатуу жана ага төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар жөнүндө туура маалыматтарды билдирүү үчүн толук жоопкерчилик тартат. Эгерде Сатып алуучу өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды билдиргендиктен, Сатуучу Буйрутманы аткарууга байланыштуу милдеттенмелерди аткарбаса, Сатуучу Буйрутманы аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. Товарды кайра жеткирип берүү, ошондой эле Сатуучу тарабынан башка иш-аракеттер тиешелүү кошумча чыгымдарды Сатып алуучуга жүктөө менен, Тараптардын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт.
8.3. Сатып алуучу ушул Макулдашууга макулдугун ырастоо менен, Сайтта көрсөтүлгөн бардык документтер менен таанышкандыгын жана макул экендигин ырастайт.
8.4. Муну менен Сатуучу Сатып алуучуга Сатып алуучу менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөр колл-борбордун ишин көзөмөлдөө, Буйрутманы аткаруу сапатын көзөмөлдөө, ошондой эле Сатуучунун жана ал тарткан жактардын ушул Макулдашууга ылайык милдеттенмелерди аткаруу сапатына мониторинг жүргүзүү жана жакшыртуу максатында жазылышы мүмкүн экендигин маалымдайт.
9. МАКУЛДАШУУГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
9.1. Сатуучу аларды http://www.adidas.kg интернет-дареги боюнча жайгашкан интернет-дүкөндүн баракчаларына жайгаштыруу аркылуу ушул Макулдашууга бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Бардык мындай өзгөртүүлөр мындай жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана Сатып алуучуга маалымдалды деп эсептелет.
10. ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ КАРОО
10.1. Сатуучу жана Сатып алуучу бардык талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу милдеттенмесин өзүнө алат. Эгерде Сатып алуучунун дооматтары болсо, аларды төмөнкүдөй түрдө жөнөтө же чече алат:
- телефон аркылуу – +996 778 998 998 күн сайын саат 9:00дөн саат 18:00гө чейин,
- электрондук почта аркылуу [email protected],
- www.adidas.kg сайтындагы “Биз менен байланышыңыз” байланыш формасы аркылуу
10.2. Сатуучу Сатып алуучунун кайрылуусун (даттануусун) Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө карап чыгат.
10.3. Эгерде талаш-тартышты сотко чейин жөнгө салуу мүмкүн болбосо, талаш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун кароосуна берилет.
11. ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК
11.1. Сатып алуучу сайтта болгон бардык товардык белгилердин, графикалык сүрөттөрдүн жалгыз жана өзгөчө ээси тиешелүү Укук ээси экенин тааныйт. Сатып алуучу Укук ээсине таандык болгон кандайдыр бир интеллектуалдык укуктарды каттоого же пайдаланууга укугу жок. Сайттан алынган кандайдыр бир материалдарды Укук ээсинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана каалаган формада кайра чыгарууга жана таратууга болот.
12. КУПУЯЛУУЛУК
12.1. Буйрутмаларды жайгаштырууда же Сайтта катталууда Сатып алуучу формаларды толтурат, анын ичинде, бирок чектелбестен, төмөнкү маалыматтарды берет: Фамилиясы, Аты, Атасынын аты, байланыш маалыматтары (телефон, электрондук почтанын е-дареги, e-mail), Буйрутманы жеткирип берүү даректери, жынысы, туулган күнү ж.б.
12.2. Ушул Макулдашуунун шарттарын акцепттөө менен, Сатып алуучу “Роял Спорт” ЖЧКга (Сатуучу) өзүнүн жеке маалыматтарын, анын ичинде фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, жынысын, почта дарегин, каттоо дарегин, Буйрутманы жеткирип берүү даректерин; үй, жумуш, уюлдук телефондорун, электрондук почта дарегин (e-mail), биометрикалык жеке маалыматтарын иштеп чыгууга (анын ичинде ар кандай автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен), анын ичинде чогултууга, системалаштырууга, топтоого, сактоого, тактоого, пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү жактарга берүүгө, чек ара аралык берүүгө, жеке маалыматтарды ээсиздендирүүгө, блоктоого, жок кылууга, анын ичинде Сатуучунун ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусу максатында, ошондой эле Сатып алуучунун Сатуучу менен өз ара аракеттенүү тарыхын талдоо үчүн, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында жарнамалык-маркетингдик жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн, жарнамалык-маркетингдик активдүүлүктү, программаларды, акцияларды ж.б. өткөрүү үчүн, ошондой эле Сатып алуучу менен байланыштын ар кандай каражаттары аркылуу түздөн-түз байланыштарды (жарнамалык-маалыматтык таркатуу) ишке ашыруу аркылуу, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: почта жөнөтмөсү, электрондук почта, телефон, Интернет тармагы аркылуу рынокто кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү үчүн аларды Сатуучунун контрагенттерине андан ары иштеп чыгуу максатында берүүгө (анын ичинде чогултуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо, пайдалануу, жайылтуу (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында берүү жана чек ара аралык берүү), жеке маалыматтарды ээсиздендирүү, блоктоо, жок кылуу) толук жана шартсыз макулдугун берет. Сатып алуучу Сатып алуучуга жана Сатып алуучунун контрагенттерине Сатып алуучунун жеке маалыматтарын маалымат базаларын башкаруунун автоматташтырылган системаларынын, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн максаттарда башка программалык каражаттардын жардамы менен иштеп чыгууга макулдук берет. Сатып алуучу ушул офертада көрсөтүлгөн максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон учурда, Сатуучу тарабынан алынган анын жеке маалыматтары Сатуучу мындай адамдар менен түзүлгөн келишимдин негизинде Сатып алуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгууну тапшырган үчүнчү жактарга, мындай үчүнчү жактар тарабынан жеке маалыматтардын купуялуулугун жана аларды иштеп чыгууда жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталган шартта берилиши мүмкүн экендигине макул болот. Сатып алуучу Сатуучудан өзүнүн жеке маалыматтары, аларды иштеп чыгуу жана пайдалануу жөнүндө маалыматты сурап алууга, Сатуучунун ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн дарегине тиешелүү жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтүү менен, анык эмес/толук эмес/туура эмес жеке маалыматтарды алып салууну же оңдоону/толуктоону/өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу. Сатып алуучунун өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга берген макулдугу мөөнөтсүз болуп саналат жана Сатып алуучу тарабынан Сатуучунун ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн дарегине жазуу жүзүндөгү арызын жөнөтүү же биздин электрондук дарегибизге: [email protected] жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу артка чакыртылып алынышы мүмкүн.
12.3. Сатуучу жеке маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Сатып алуучудан алынган маалыматтын коопсуздугун, сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.
12.4. Сатып алуучу Сатуучуга ар кандай байланыш каражаттарынын жардамында, анын ичинде, бирок чектелбестен: почта жөнөтмөсү, электрондук почта, телефон, Интернет тармагы ж.б. жардамында түз байланыштарды ишке ашыруу (арзандатуулар, акциялар, жаңы сунуштар ж.б. жөнүндө жарнама-маалыматтык жөнөтмөлөр) аркылуу Сатып алуучу менен байланышууга макулдугун берет. Мындай жөнөтмөлөрдүн мезгилдүүлүгү бир тараптуу тартипте Сатуучу тарабынан анын кароосу боюнча аныкталат.
Сатып алуучу баш тартуунун себептерин түшүндүрүүсүз жарнамалык жана башка маалыматтарды алуудан баш тартууга укуктуу. Мында эгерде Сатып алуучу көрсөтүлгөн жөнөтмөлөрдү алгысы келбесе, ал Сайттагы жазылуунун тиешелүү жөндөөлөрүн өзгөртүшү керек, же мындай жөнөтмөдөгү “жазылууну токтотуу” шилтемеси аркылуу өтүп, муну менен өзүнүн электрондук дарегин Сайттын жөнөтмө тизмесинен алып салышы керек.
Сатып алуучуга буйрутма жана аны иштеп чыгуу этаптары жөнүндө маалымат берүүчү сервистик билдирүүлөр Буйрутманы аткаруу тартиби жөнүндө маалыматтык гана мүнөзгө ээ, жарнамалык билдирүү болуп саналбайт, автоматтык түрдө жөнөтүлөт жана Сатып алуучу тарабынан четке кагылышы мүмкүн эмес.