10 000 сомдон Кыргызстан боюнча акысыз жеткирүү
10 000 сомдон Кыргызстан боюнча акысыз жеткирүү

10 000 сомдон жогору буйрутмаларды акысыз жеткиребиз.
Биз буйрутманы Кыргызстан боюнча үйгө же DPD тапшыруу пункттарына чейин жеткиребиз, Бишкек же аймак болобу.
Жеткирүү мөөнөттөрү: Бишкек боюнча 1-2 күн, Кыргызстан боюнча аймакка жараша 1-5 жумуш күнү.

30 күндүн ичинде акысыз кайтаруу

Товарларды өзүңө ыңгайлуу шартта кийип көр.
Эгерде товардын өлчөмү туура келбесе же жакпай калса, аны 30 күндүн ичинде акысыз кайтарып берсең болот.
Буйрутманы толугу менен же айрым товарларды гана кайтарсаң болот.

Жеке маалыматтар жөнүндө жобо

Ушул Жободо колдонулган, баш тамга менен берилген терминдер эгерде ушул Жободо башкача белгиленбесе, Колдонуучулук макулдашууда аныкталган маанилерге ээ.

  1.  Жалпы жоболор. 
    1.1. Ушул Жеке маалыматтар жөнүндө жобо (мындан ары – “Жобо”) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Компаниянын adidas.kg интернет-дүкөнүн (мындан ары – Сайт) пайдалануунун алкагында Колдонуучулардан “Роял Спорт” ЖЧК (мындан ары – Компания) алган жеке мүнөздөгү маалыматты (мындан ары – жеке маалыматтар) чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо, берүү (анын ичинде чек ара аралык) тартибин аныктайт жана жөнгө салат.
    1.2. Ушул Жобо компаниянын Сайтын пайдалануу убагында жана Компаниянын ар кандай лоялдуулук программаларына (мындан ары – Программа) катышуу убагында Колдонуучу жөнүндө Компания ала турган бардык жеке маалыматтарга карата колдонулат.
    1.3. Сайтты пайдалануу Колдонуучунун ушул Жобонун шарттарына жана анда көрсөтүлгөн анын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына шартсыз макулдугун билдирет. Жобонун шарттарынын бирине макул болбогон учурда Колдонуучу Сайтты пайдалануудан баш тартууга тийиш.
    1.4. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууда Компания Европа бирлигинин 2016-жылдын 27-апрелиндеги Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламентинин (General Data Protection Regulation) жоболорун эске алуу менен, 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын жана локалдык ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
  2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттары:
    2.1. Компаниянын сайтында катталуу үчүн;
    2.2. сайттын, Компания менен макулдашуулардын жана келишимдердин алкагында тараптарды идентификациялоо;
    2.3. Компаниянын товарларды чекене сатып алуу-сатуу келишимдеринин алкагында милдеттенмелерди аткаруусу;
    2.4. айттын алкагында Программаларга катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле натыйжалуу кардардык жана техникалык колдоо көрсөтүү;
    2.5. Компаниянын Колдонуучу менен кайтарым байланышты жүргүзүшү үчүн, анын ичинде билдирмелерди, суроо-талаптарды жөнөтүү, Колдонуучудан түшкөн суроо- талаптарды жана билдирмелерди иштеп чыгуу, анын ичинде Компаниянын өндүрүмүн рынокто, анын ичинде, бирок чектелбестен, sms-сервистерди, электрондук почтаны ж.б. колдонуу менен илгерилетүү максатында;
    2.6. Компаниянын сайтында Программалардын алкагында Колдонуучуларга маалымдоо;
    2.7. жеке маалыматтар менен иштөөнү укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеген башка максаттар үчүн.
  3. Компания ушул Жобо менен аныкталган жана Колдонуучу тарабынан анын ыктыярдуу макулдугу менен берилген, зарыл болгон жана иштеп чыгуунун билдирилген максаттарына ченемдеш болгон жеке маалыматтарды гана чогултат жана пайдаланат. Жеке маалыматтарды алган учурдан тартып Компания “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – “Мыйзам”) ылайык өзүнүн жоопкерчилигинин чегинде аларды коргоону камсыз кылуу үчүн бардык акылга сыярлык чараларды көрөт.
    Жеке маалыматтарды коргоо деген Мыйзамда белгиленген максаттарда ишке ашырылган чаралардын, анын ичинде укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чаралардын комплексин билдирет.
  4. Муну менен Колдонуучу Компания тарабынан анын жеке маалыматтарын чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого жана берүүгө (анын ичинде чек ара аралык) байланыштуу Мыйзамда белгиленген укуктары/милдеттери жөнүндө кабардар экендигин тастыктайт, анын ичинде, бирок чектелбестен:
    4.1. Компания тарабынан иштелип чыккан өзүнүн жеке маалыматтары жөнүндө маалымат алууга;
    4.2. ушул Жободо аныкталган максаттар үчүн зарыл болгон көлөмдө өзү жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды берүүгө;
    4.3. тиешелүү документтер менен ырасталган негиздер болгондо өзүнүн жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүүнү талап кылууга;
    4.4. Мыйзамда каралган негиздер болгон учурда Компаниядан өзүнүн жеке маалыматтарын блоктоону же жок кылууну талап кылууга;
    4.5. Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, жеке маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга макулдугун артка кайтарып алууга;
    4.6. өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүүгө;
    4.7. колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууга.
  5. Компания Колдонуучу берген жеке маалыматтардын аныктыгын текшербейт жана анын аракетке жөндөмдүүлүгүн/укук жөндөмдүүлүгүн баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Бирок Компания Колдонуучу так, толук жана актуалдуу маалыматты берет, ошондой эле анын аныктыгы үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат деп белгилейт. Анык эмес же толук эмес маалыматтар берилген учурда Компания Колдонуучунун Сайттын белгилүү бир функцияларына кирүүсүн чектөө же ушул Жобого жана Колдонуучулук макулдашууга ылайык башка чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат. Компания Колдонуучу тарабынан анык эмес же толук эмес жеке маалыматтарды берүүнүн жыйынтыгында келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
  6. Компания Сайтты техникалык колдоону (каталарды оңдоо, жаңылоо ж.б. колдоо) жүзөгө ашырган компаниялардан (жана алардын кызматкерлеринен) жана Компаниянын келишимдердин алкагында жана алардын өнөктөштүк милдеттенмелерин аткаруусу үчүн зарыл болгон көлөмдө гана өз милдеттенмелерин аткаруусуна катышкан өнөктөштөрдөн тышкары, Колдонуучу жөнүндө жеке маалыматтарды жана башка маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттенет.
  7. Колдонуучу бул Жобонун шарттары менен макулдугун, таанышкандыгын жана кабыл алгандыгын тастыктайт жана Компанияга аймак жана мөөнөт боюнча чектөөсүз, сайтта ырастоо баскычын басуу (“Ырастоо”/белги коюу же сайттын форматында жол берилген башка ырастоочу жооп) менен сайтта берилген жеке маалыматтарын (ушул Жобонун №1 тиркемесинин формасы боюнча) чогултууга, иштеп чыгууга, берүүгө (анын ичинде чек ара аралык) өзүнүн макулдугун берет.
  8. Колдонуучу Компаниянын дарегине жазуу жүзүндө талап жөнөтүү менен макулдугун артка чакыртып алууга же берген жеке маалыматтарды өчүрүүнү талап кылууга укуктуу. Макулдукту артка чакыртып алуу артка чакыртып алуу учуруна чейин жүргүзүлгөн иштеп чыгуунун мыйзамдуулугун козгобойт. Компания Колдонуучунун талабын аны алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кеч эмес кароого жана Колдонуучунун жеке маалыматтарын өз алдынча өчүрүүгө милдеттүү. Мында Колдонуучунун жеке маалыматтарын өчүрүү сайтты колдонуунун мүмкүн эместигине алып келет.
  9. Компания ушул Жобого өз каалоосу боюнча, анын ичинде, бирок чектелбестен, тиешелүү өзгөртүүлөр КР мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр менен байланыштуу болгон учурларда, ошондой эле тиешелүү өзгөртүүлөр сайттын ишиндеги өзгөрүүлөр менен байланыштуу болгон учурларда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Актуалдуу редакцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө акыркы жаңыртылган күн көрсөтүлөт. Жобонун жаңы редакциясы, эгерде Жобонун жаңы редакциясында башкача каралбаса, ал жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет. Колдонуучу ушул Жободо өзгөрүүлөрдүн болушун өз алдынча контролдоого милдеттенет. Жобонун жаңы редакциясы күчүнө киргенден кийин сайтты колдонууну улантуу Колдонуучунун анын шарттарына шартсыз макулдугун билдирет. Саясаттын колдонуудагы редакциясы дайыма сайтта жеткиликтүү.

№1 тиркеме ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ЧОГУЛТУУГА ЖАНА ИШТЕП ЧЫГУУГА МАКУЛДУК (мынданары – Макулдук)

Муну менен мен эркин аракеттенип, _______________________________________________ өз ыктыярым менен, баамдап түшүнүп жана өз эрким менен, Компанияга Жобонун жана сайтты пайдалануунун максаттарында берилген менин жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга (анын ичинде чогултуу, жазуу, сактоо, пайдалануу, системалаштыруу, өзгөртүү, берүү (анын ичинде чек ара аралык берүү), блоктоо жана жок кылуу) макулдугумду берем.

Мен төмөнкүлөр менен тааныштым, түшүнөм, ырастайм жана макулмун:

  • менин жеке маалыматтарымды Компаниянын берүүсүнө (анын ичинде чек ара аралык) жана пайдалануусуна өзүмдүн эркин, конкреттүү, шартсыз жана баамдап түшүнгөн эркимди билдирем;
  • ушул Макулдукка кол коюу ырастоо баскычын басуу/белги коюу же сайт жол берген башка ырастоочу жооп аркылуу жүргүзүлөт жана ушул Макулдуктун шарттарына менин макулдугумду ырастоо болуп саналат;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган учурлардан тышкары, Компанияга жеке маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү кандайдыр бир дооматтарды коюуга укугум жок;
  • жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболору менен тааныштым.
  • Ушул Макулдукту мен бул тууралуу Компания артка чакыртып алуу жөнүндө тиешелүү билдирүүнү алган күндөн тартып эсептелүүчү, артка чакыртып алуу күчүнө киргенге чейин кеминде он жумуш күнү мурда Компанияга алдын ала билдирүү менен аны артка чакыртып ала алам.
  • Менин толук эмес маалыматты бергендигимдин кесепети болуп юридикалык укуктук мамилелердин пайда болушунан жана түзүүдөн баш тартуу саналат, ошондой эле атайлап жалган маалыматтарды жана/же документтерди бергени үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген кылмыш жана башка жоопкерчилик каралган.

Мен ушул макулдукту аймак боюнча аракеттерди чектөөлөрсүз жана ушул Макулдукту алуу жана Программаларга катышуу максаттары аяктаганга жана жеткенге чейинки мөөнөткө берем.

Жогору
Жогору